Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргыз күрөшү боюнча I Азия чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 13 Окт 2019 | 732 | 0

27-28-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз күрөшү боюнча I Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда болот. Ага 12 өлкөнүн спортчулары чакырылган. Учурда чакыруулар жөнөтүлгөн, кабыл алуу чемпионаттын башталышына бир жума калганда аяктайт.

Мелдеште 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, 96 кг жогорку салмак категориялары боюнча 28 медаль ойнотулат. Ага Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 млн 481 миң сом каралган.

Кыргыз күрөшү боюнча I Азия чемпионаты Эл аралык Кыргыз күрөшү федерациясы тарабынан бекитилген эрежелердин негизинде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, чоңдор арасында кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионатын Кыргызстан алгачкы жолу өткөрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM