Биз менен байланышыңыз

Нурбек балбан Сауд Аравияда чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 18 Мар 2019 | 800 | 0

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр ааламы — 2019» фестивалынын алкагында өткөн «кыргыз күрөшү» боюнча мелдеште мекендешебиз Нурбек Кожобеков чемпион болду. Бул тууралуу аталган күрөш боюнча федерациядан билдирди.

“Мелдеште 30 дан ашуун мамлекеттин балбандары күч сынашты. Чет мамлекеттерден келген балбандар бул жолу кыргыз күрөшүн мыкты өздөштүрүп, жогорку даярдык менен келгенин мелдештин жүрүшүндө көргөзүштү. Албетте жеңишке жетүү оңойго турган жок. Ошого карабастан биздин балбаныбыз Нурбек Кожобеков өзүнүн эң жогорку даярдыгы жана мыкты техникалык ыкмалары менен жеңишке жетип, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр ааламында чыныгы балбан экенин далилдеди.”, — деп айтылат билдирүүдө.

Федерация балбаныбыз Нурбекти куттуктап, “Жеңишин кут болсун! Өлкөбүздүн желеги ар дайым бийиктикте желбиресин!”, — деген каалоолорун айткан.

Ушул күндөрү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Camel Fest фестивалы өтүүдө. Camel Fest 9-мартта башталып, 23-мартка чейин созулмакчы. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Кыргызстандык делегация «Көчмөндөр ааламы» деп аталган оюн-зоогун көрсөткөн. Бул үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган.

Copyright © 2017 Maral FM