Биз менен байланышыңыз

Чемпион Мелис Турганбаевди чек арадан тосуп алышты

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 950 | 0

Грузияда өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль алган Мелис Турганбаевди Казакстандан Кыргызстанга өткөн чек арадан тосуп алышты. Тосуп алууга спорттун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, күйөрмандары барышкан. Чек ара аймагында өтүп жаткан чакан аземде Мелис Турганбаевге калпак кийгизип, чепкен жабышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков сүйлөп, Турганбаевдин жаш кезинен чыгаан спортчу болгонун эскерди.

«Сизди жашыңыздан спортчу катары билебиз. Профессионал балбан катары СССРдин спорт чебери болгонсуз. Кийинки мезгилде мамлекеттик бир катар чоң кызматтарда иштөө менен спортту улантып, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болуп, кийинки муундарды шыктандырдыңыз», — деди Алмазбек Батырбеков.

Эске сала кетсек, Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн ардагерлер арасында Дүйнө чемпионатында «Е» категорияда 78 кг салмакта жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынган.

Турганбаев өткөн жылы да аталган чемпионатка катышып, байгелүү орун алып кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM