Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 26 Июл 2019 | 767 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу, учурда «Башундара Кингс» командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин чемпиону болду.

Мурдагы күнү чемпионаттын 24-турундагы оюнда алган 1 упай Бахтиярдын командасына чемпиондукту камсыздоосуна жетиштүү болду.

«Башундара Кингс» өз үйүндө «Мохаммедан Дакку» командасын кабыл алып, беттеш 1:1 эсебинде аяктады.

24 турдан соң «Башундара Кингс» клубу 59 упай топтоп, чемпионаттын аяктарына 2 тур калганда, мөөнөтүнөн мурда чемпион болушту.

Эми Бахтияр Дүйшөбеков «Башундара Кингс» менен 2020-жылы Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна ойнойт.

Эске сала кетсек, Бахтияр 2018-жылы өзүнүн командасы менен Бангладеш Кубогун уткан.

Copyright © 2017 Maral FM