Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова жана Мелис Турганбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Коом , Кыска кабар , Саясат | 24 Авг 2020 | 1161 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйруктарга өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койду. Азырынча алардын ордуна ким келери белгисиз.

ЖАМКнын кызматтан четтетилген жетекчиси Мелис Турганбаев «Замандаш» партиясы менен шайлоого барары белгилүү болгон. Ал эми Аида Исмаилова эмне себептен арыз жазганы белгисиз.

 

Copyright © 2017 Maral FM