Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов күрөштөн Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту (ВИДЕО)

Кыска кабар , Спорт | 9 Окт 2019 | 1958 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов грек-рим күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. 70 кило салмакта күч сынашкан Икрамов түркиялык ардагер балбан Орхан Тикацты жеңип, дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту.

Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында айтылат.

Мелдештин 8/1 финалында венгер балбаны Золтан Шолленди 9:0 эсебинде утту. Ушундай эле эсеп менен чейрек финалдагы атаандашы Финляндиялык Олави Лейто’ну жеңди. Тилекке каршы, жарым финалда ирандык балбанга жеңилип калган болчу. Ардагердин дүйнө чемпионаты Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Эске сала кетсек, Тазабек Икрамов 45-50 жаштагы ардагер балбандардын жарышында күч сынашты. Балбан депутат өткөн жылы да бул мелдешке катышып, финалга чыга албай калган. Коло байге үчүн күрөштө швед балбаны менен 4:4 тең чыгуу болуп, акыркы ыкманы жасаган балбанга артыкчылык берилген эрежеге ылайык жеңиш атаандашына ыйгарылган болчу.

Тазабек Икрамов «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан шайланган VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты (спикер) Дастанбек Жумабеков 2017-жылы спорттун грэпплинг түрү боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Copyright © 2017 Maral FM