Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев Мелис Турганбаевди сынга алды

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 4372 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев караларды актап маек бергенин сынга алды.

Акаев криминалдарды актагандарды мамлекеттик идеологияга каршы саясат жүргүзгөн адам катары баалады.

«Криминалдарды кара ниет, өлкөнү артка тарткан адам катары сүрөттөө зарыл. Тескерисинче, өкмөттүн өкүлдөрү чыгып, «криминал дегенге кошула албайм, ал жакшы эле киши» дегендей маек берүүсү — өкмөттүн кылмыш дүйнөсүнө такыр күрөш жарыялабай жаткандыгынын белгиси», — деди эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM