Биз менен байланышыңыз

Дзюдочу Чынгызхан Сагыналиев Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 27 Июл 2019 | 796 | 0

Бүгүн 27-июлда Тайбэйде башталган дзюдо боюнча кадеттер арасында 2019-жылдагы Азия чемпионатын жеңип, алтын медал тагынды. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтына жарыяланды.

Бүгүн мелдештин биринчи күнү татамиге Кыргызстан курамасынын 7 дзюдо чебери чыкты. 60 кило салмакта күч сынашкан Чынгызхан Сагыналиев финалда ирандык атаандашын 1 мүнөт 25 секунд убакытта иппон (таза жеңиш) ыкмасы менен жеңип алды. Муну менен ал Азия жана Океандар чөлкөмүнүн чемпиону болду.

Буга чейин 55 кг салмакта Ханболот Ырысбеков чемпион болуп, алтын байге алса, Муса Шабданбеков (50кг) коло байгеге татыган.

Кыргызстандын жаштар курамасын дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпионатына ага машыктыруучусу Ислам Баялинов жетектеп барган.

Copyright © 2017 Maral FM