Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык дзюдочулар Израилде өтүүчү Гран-приге катышат

Спорт | 15 Янв 2020 | 530 | 0

Кыргызстандык дзюдочулар Израилде өтчү эл аралык мелдешке катышат.

Гран-при сериясындагы турнир 23-25-январь аралыгында Тель-Авив шаарында өтөт.

Аталган мелдеште жалпы 14 комплект медалдар топтому ойнотулат. Кыргызстандын атынан жалпы 6 спортчу Абдужалил Юнусовдун жетектөөсүндө катышат.

Аталган турнирдин жыйынтыгында спортчулар дүйнөлүк рейтингге упай алышат. Жыл соңунда дүйнөлүк рейтинг боюнча Токиодо(Япония) өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат.

Copyright © 2017 Maral FM