Биз менен байланышыңыз

Абэ Путинди дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 886 | 0

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орусия лидери Владимир Путинди 2019-жылы Токиодо өтө турган дзюдо боюнча дүйнө биринчилигине чакырды. Бул тууралуу   япониялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда премьер-министр орус жетекчисин чемпионатка сөзсүз келип, көрүп кетүүсүн суранган. Иш чара 2019-жылдын 25-августунан 1-сентябрына чейин өтөт.

Бул тууралуу Аргентинадагы чоң жыйырмалыктын саммитинде да сөз болгон эле.

Кошумчаласак, Владимир Путин бала чагынан эле япон күрөш искусствосу болгон дзюдо менен машыкканы маалым. Бүгүнкү күнгө чейин ага кызыгып, башкаларга, өзгөчө саясатчыларга сунуштап келет.

Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы мамиле экинчи дүйнөлүк согуштан бери солгун болгонуна карабай, тараптар акыркы кездери тынчтык келишимине жетүү үчүн байма-бай жолугушууларды уюштуруп келишүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM