Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти келди

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2021 | 1698 | 0

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча 7-дан кара курдун ээси Мариус Визер Бишкекке келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агентигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Мариус Визерди эл аралык «Манас» аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мариус Визер Кыргызстанга дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына, Кыргызстандын дзюдо академиясынын ачылышына катышуу үчүн келди.

Copyright © 2017 Maral FM