Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жылдын мыкты спортчулары сыйланды

Кыска кабар , Спорт | 23 Дек 2019 | 714 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги бүгүн 2019-жылы ийгилик жараткан спортчулардын мыктыларын аныктап, сыйлыктарды ыйгарды.

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону, балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков мыкты деп табылып сыйланды.

Ал эми олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүнөн кикбоксинг чебери, үч жолку дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков сыйланды. Улуттук спорттон кыргыз күрөшүнүн чебери, Азия, дүйнө чемпиону Бектурган Кожомуратов  мыкты деп табылды.

Мындан сырткары, парапауэрлифтинг боюнча Дүйнө Кубогунда күмүш медаль уткан Жыргалбек Оросбаев жана Азия Кубогунда коло байге уткан паратриатлончу Жалалдин Абдувалиев сыйланды.

Мамлекеттик агенттик ошондой эле аты аталган спортчулардын машыктыруучуларын да сыйлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде 1 миң 306 медаль уткан. Анын 442си алтын, 367си күмүш жана 497 коло медаль болгон. Кыргызстанда 1860 спорттук-массалык иш чаралар өткөн.

Мындан сырткары бир катар спортчулар Өкмөт тарабынан сыйлыктарды алды.

Copyright © 2017 Maral FM