Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатына катышуу үчүн Делиге барды

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2020 | 1117 | 0

Бүгүн, 18-февралда дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын курамында Нью-Дели шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Индира Ганди атындагы Эл аралык аэропортто кыргыз спортсмендерин Кыргызстандын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Элчиликтин кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын, ошондой эле Индиянын Күрөш федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Кыргызстандын спорт делегациясы 18-23-февралында өтө турган Азия Чемпионатына катышат.

Турнирдин ачылышы бүгүн, 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өтөт.

Аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдештер 20-21-февралда өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM