Биз менен байланышыңыз

Poland Open мелдеши: Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болду

Кыска кабар , Спорт | 11 Июн 2021 | 983 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Poland Open мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-июнда Варшава шаарында башталган, 13-июнга чейин уланмакчы.

Тыныбекова 62 кг салмакта алгач орусиялык Любовь Овчарова менен килем үстүнө чыгып, аны 14:8 эсебинде утуп алды. Орусиялык спортчуну уткандыгы үчүн мелдештин жарым финалына өттү.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу орусиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны да жеңип, мелдештин финалына чыкты.

Финалда канадалык Ана Паула Годинезди 7:1 эсебинде артта калтырган Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду.

Copyright © 2017 Maral FM