Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчулар Киевдеги мелдеште 13 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 1 Мар 2021 | 1044 | 0

Украинанын Киев шаарында 26-28-февраль күндөрү өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын спортчулары 13 медалга: 3 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Алтын медаль алгандар:
  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг);
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг).
Күмүш медаль алгандар:
  • Жоламан Шаршенбеков ( 60 кг);
  • Назира Марсбек кызы ( 59 кг);
  • Айпери Медет кызы (74 кг);
  • Эрназар Акматалиев ( 65 кг).
Коло медаль ээлери:
  • Амантур Исмаилов (67 кг);
  • Исламбек Орозбеков ( 70 кг);
  • Икромжон Хажимурадов (61 кг);
  • Бекболот Мырзаназар уулу ( 57 кг);
  • Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
  • Алибек Осмонов (65 кг).

Copyright © 2017 Maral FM