Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышат

Кыска кабар , Спорт | 23 Авг 2021 | 1248 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан спорчу кыз Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаровдун Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында байге уткан жана оюндарга катышкан кыргызстандык спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Мен Токиодогу Олимпиада оюндарында жеңген күмүш медалымды эгемендиктин 30 жылдыгына арнайм. Буйруса, ден соолук берсе, Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышам», — деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова быйыл Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышып жатат.

Тыныбекова – Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.

Copyright © 2017 Maral FM