Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова: «Манас» ордени мен үчүн чоң жоопкерчилик

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 465 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова II даражадагы «Манас» орденин алуу өтө чоң жоопкерчилик экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Тыныбекованын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын белекке берилиши күтүүсүз болгон.

«Урматтуу достор! Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирет бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз! Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик! Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук. Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз Садыр Жапаров бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!», — деп жазган Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова быйыл Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышып жатат.

Тыныбекова – Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, байге ээси. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи жана жалгыз спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган.

Кыргызстандан ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Copyright © 2017 Maral FM