Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда Олимпиада оюндарына машыгышууда

Кыска кабар , Спорт | 29 Июн 2021 | 1469 | 0

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Эстонияда машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчу кыздар 28-июндан 11-июлга чейин Таллин шаарында машыгат.

Кыргыз спортчуларын башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева, укалоочу Константин Еремич коштоп жүрөт.

Эскерте кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндары Токио шаарында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM