Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы Бишкекке келди

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 499 | 0

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарына спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков келди.

Курама команда мүчөлөрүн «Манас» эл аралык аэропортунда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана башка спортчулардын жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чепионаты 1-ноябрда Сербиянын Белград шаарында старт алган.

Copyright © 2017 Maral FM