Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Балбан кыз Айпери күмүш байге утту

Кыска кабар , Спорт | 20 Фев 2020 | 753 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Алтын байге үчүн кармашта япониялык Хиро Минагава Сузукиге 4:1 эсебинде жеңилип калды.

76 кило салмактагылар арасында күрөшкөн Айпери тайпалык этапта өзбекстандык Мухлиса Нормуминованы уткан. Кийинки баскычта япониялык кызга жеңилип, упайлардын артыкчылыгы менен жарым финалга чыккан. Жарым финалда казак спортчусу Эльмира Сыздыкованы утуп, финалга жолдомо алган эле.

Бүгүн ошондой эле 59 кг салмакта Назира Марсбек кызы килемге чыгып, баштапкы этапта жеңилүү ызасын тартып калды.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2020-жылдагы Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

Эртең, 21-февралда кыргыздын балбан кыздары 57 кг салмакта Нураида Анаркулова жана 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова күрөшкө чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM