Биз менен байланышыңыз

Кыргыздын балбан кыздары «Poland Open» рейтингдик мелдешинде күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 21 мая 2021 | 1337 | 0

8-14-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында «Poland Open» рейтингдик эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг ), Нураида Анаркулова (59 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышат. Балбан кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева, укалоочу (массажист) Константин Еремич коштоп барат.

Спортчулар мелдеш башталганга чейин, тактап айтканда, 22-майдан 7-июнга чейин Эстониянын Таллин шаарындагы окуу-машыгуудан өтүшөт.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда машыгууга жана мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM