Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 345 | 0

Бишкекте Кыргызстандын кыргыз күрөш федерациясынын кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек жана Чүй облусу боюнча Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, мелдештин ачылышы 29-сентябрда саат 17:00дө Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Кыргызстандан 500гө жакын спортчу катышканы турат. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн жана Ирандан балбандар келет. 28-сентябрда балбандар күрөшө баштайт, ал эми 29-сентябрда жарым финал жана финалдык кармашуу болот. Мелдештин ачылуу, жабылуусу да ошол күнү өтөт”, — дейт ал.

Жамгырчиев эл аралык мелдешке Токио Олимпиадасынын байгелүү орундарынын ээси Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова ардактуу конок катары чакырылганын кошумчалады.

Мелдештин баш байгесине эки унаа каралган.

Copyright © 2017 Maral FM