Биз менен байланышыңыз

27-28-ноябрда кыргыз күрѳшү боюнча I Ачык Азия чемпионаты өтөт

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 594 | 0

27-28-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кыргыз күрѳшү боюнча I Ачык Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Азия чемпионатына 12 өлкөнүн спортчулары катышат. Төмөнкү салмактагы категориялар боюнча 28 медалдар ойнотулат: 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, 96 кг ашык.

Кыргыз күрѳшү боюнча I Ачык Азия чемпионаты Эл аралык кыргыз күрөш федерация тарабынан бекитилген эрежелер боюнча өтөт.

Белгилей кетсек, чоңдор арасында кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпионатын Кыргызстан биринчи жолу өткөрүп жатат.

Азия чемпионатын өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 2 млн 225 миң сом каралган.

Copyright © 2017 Maral FM