Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан күрөш боюнча Азия чемпионатында 11 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 24 Фев 2020 | 867 | 0

18-февралдан 23-февралга чейин Нью-Дели шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары жалпысынан 11 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Азат Салидинов (87 кг) күмүш медаль, Руслан Царев (72 кг), Ренат Ильяз уулу (77 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) жана Роман Ким (130 кг) коло байгеге ээ болгон.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло жана Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш медаль утуп алышты.

Эркин күрөштүн өкүлдөрү эки алтын жана эки коло байге алып келди.

Улукбек Жолдошбеков (61 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) 2020-жылкы Азия чемпиону наамына жетсе, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) менен Исламбек Орозбеков коло байгени утуп алышты.

Copyright © 2017 Maral FM