Биз менен байланышыңыз

Паралимпиадачылар пауэрлифтинг боюнча лицензиялык дүйнө кубокторуна даярданууда

Кыска кабар , Спорт | 3 Мар 2020 | 769 | 0

Лицензиялык дүйнө кубокторуна даярдык көрүү максатында таяныч кыймылдоо аппаратынан доо кеткендер арасында пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Грозный шаарында окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. Машыгуу 13-мартка чейин уланат.

Иш-сапарга жөнөтүлгөндөрдүн тизмеси:

  • Максат Аргымбаев, 1989- жылы туулган;
  • Жыргал Оросбаев, 1993- жылы туулган;
  • Азизбек Замирбек уулу, 2002- жылы туулган;
  • Азиз Давранов, 2004- жылы туулган;
  • Аднан Джабраилов, башкы машыктыруучу.

Спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубоктору Накхонратчасима (Таиланд) жана Дубай (ОАЭ) шаарларында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM