Биз менен байланышыңыз

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз улуттук спортунун 7 түрү киргизилет

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 589 | 0

Эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Аталган Меморандумга ылайык, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына төмөнкү спорттун түрлөрү киргизилет:

  • Көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо, бул оюндар Кыргызстандын спорттун ушул түрлөрү боюнча федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт;
  • Тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү – спорттун ушул түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар бекиткен эрежелер менен өткөрүлөт;
  • Көчмөндөрдүн улуу күрөшү – кыргыз тарап бекиткен эреже боюнча өткөрүлөт.

Белгилеп кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркиянын аймагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM