Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинде 1-орунга татыды

Кыска кабар , Спорт | 24 Дек 2019 | 855 | 0

Кыргызстандын курамасы алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинин командалык көрсөткүчүндө биринчи орунга татыды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 22-23-декабрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү.

Кыргызстан 6 медаль: беш алтын жана бир коло медалга ээ болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • 1-орун – Марлен Абдурасулов (60 кг);
  • 1-орун – Элдияр Сексенбаев (70 кг);
  • 1-орун – Орозбек Аширов (100 кг);
  • 1-орун – Анара Рыскулова (55 кг);
  • 1-орун – Мээрим Момунова (60 кг);
  • 3-орун – Нагира Сарбашова (75 кг).

Белгилей кетсек, мелдешке 27 өлкөнүн 275 спортчусу катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM