Биз менен байланышыңыз

Жөө күлүктөр марафон боюнча лицензиялык Азия чемпионатына даярданууда

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 570 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын ушул жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама кошуундун мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

10-ноябрдан 27-ноябрга чейин өтө турган окуу-машыгуу жыйынына төмөнкү спортчулар чакырылган:

  • Полюдина Виктория; 
  • Маслова Дарья;
  • Кыштакбеков Адилет;
  • Көчкөмбаев Жоодар;
  • Борисова Татьяна Машыктыруучу;
  • Борисов Виктор Ага машыктыруучу.

Улуттук курама кошуун Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, Дирекциянын бюджетинен 205 миң сом каралган.

Copyright © 2017 Maral FM