Биз менен байланышыңыз

Кыргыз спортчулары коронавирус катталган өлкөлөргө мелдешке барбайт

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 801 | 0

Кыргыз спортчулары коронавирустук инфекция менен ооруган учурлар аныкталган өлкөлөргө жөнөтүлбөйт. Мындай чечимди бүгүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабыл алды.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, бул кадам санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу, профилактика жана ошондой эле коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында кабыл алынган. Чечимге ылайык, ата мекендик спортчуларды жугуштуу илдет катталган өлкөлөргө мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына жөнөтүү токтотулат.

— Ушул эле максаттарды көздөп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов мамагенттиктин карамагындагы мекемелердин, спорт  башкармалыктардын жетекчилерине санитардык ченемдерди жана эрежелерди, гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырма берди, — деп айтылат маалыматта.

Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык мекемелери менен макулдашылып турат.

Copyright © 2017 Maral FM