Биз менен байланышыңыз

Волейбол: Кыргызстан кыздар курамасы Азия биринчилигине катышат

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 854 | 0

Кыздар арасында волейбол боюнча Кыргызстандын курамасы аймактык Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчилик 8-15-ноябрда Бангладештин Дакка шаарында өтөт.

Улуттук курамдын катарында Кадырова Айдай, Мирлан кызы Мадина, Шумкарбекова Алия, Шарапидинова Бурулсун, Гаркушина Алина, Оморбекова Камила, Мамытова Марсель, Акматова Наргиза, Самат кызы Алтынай, Кудайкулова Огулай, Горлова Анастасия, Петренко Алина бар.

Волейболчуларга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 627 миң сом каралган.

Copyright © 2017 Maral FM