Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин Кубогун утту

Кыска кабар , Спорт | 6 Янв 2020 | 757 | 0

Кыргызстандык футболчу Бахтияр Дүйшөбеков өзүнүн “Башундара Кингс” клубу менен Бангладеш футбол федерациясынын Кубогу мелдешинде чемпион болду. Финалдык беттеште алар “Рахаматганж” клубун 2:1 эсебинде утуп алды. Кыргызстандык футболчу негизги курамга кирип, беттештин аягына чейин ойноп, командасына көмөк көрсөткөн.

“Башундара Кингс” жарым финалда “Police United” клубун уткан. Ал эми чейрек финалда “Муктижоддха Сагсад” клубун жеңип алган болчу.

Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков 2019-жылдын башынан бери “Башундара Кингс” командасында ойнойт. Ал өткөн жылы бул клуб менен Бангладештин чемпионатын, өлкөнүн Эгемендик Кубогун уткан.

Copyright © 2017 Maral FM