Лицензиялык дүйнө кубокторуна даярдык көрүү максатында таяныч кыймылдоо аппаратынан доо кеткендер арасында пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Грозный шаарында окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. Машыгуу 13-мартка чейин уланат.
Иш-сапарга жөнөтүлгөндөрдүн тизмеси:
- Максат Аргымбаев, 1989- жылы туулган;
- Жыргал Оросбаев, 1993- жылы туулган;
- Азизбек Замирбек уулу, 2002- жылы туулган;
- Азиз Давранов, 2004- жылы туулган;
- Аднан Джабраилов, башкы машыктыруучу.
Спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Дүйнө кубоктору Накхонратчасима (Таиланд) жана Дубай (ОАЭ) шаарларында өтөт.