Биз менен байланышыңыз

Балбан Азат Салидинов Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2020 | 593 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Азат Салидинов Индияда өтүп жаткан Азия-2020 чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынан кабарлады.

Азат жарым финалда ирандык балбанга 0:6 эсебинде утулуп жатып, атаандаш жаракат алып күрөштү улантуудан баш тарткан. Калыстар жеңишти кыргыз балбанына беришкен.

87 кг салмакта күч сынашып жаткан Азат Салидинов жарым чейрек финалда тажик балбанын, чейрек финалда япон балбанын таза артыкчылык менен уткан.

Эми алтын байге үчүн финалдык беттеште ал индиялык балбан Кумар Сунил менен күч сынашат.

Copyright © 2017 Maral FM