Биз менен байланышыңыз

Футзал: Клубдар арасындагы Азия чемпионаты Араб Эмираттарында өтөт

Кыска кабар , Спорт | 19 Мар 2020 | 592 | 0

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпионаты 2020-жылдын 2-13-декабрына жылдырылды. Мелдеш Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы билдирди.

Мелдеш 2020-жылдын жай айына белгиленген болчу. Коронавируска байланыштуу Азия футболдук уюму мелдештин өткөрүү күнүн жылдырган.

Бул мелдешке Кыргызстандан өткөн жылдагы өлкө чемпиону Ош шаарынын FC “EREM” катышат.

Азия футбол конфедерациясы буга чейин футзалдан континеттик чемпионатты да 5-20-августка жылдырган.

Copyright © 2017 Maral FM