Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 21 Фев 2020 | 737 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт. 62 кило салмакта күч сынашып жаткан Айсулуу алгачкы эле беттеште япониялык Юкако Каваиге жеңилип калды.

Беттеште эсеп 1:1 Айсулууну пайдасында болуп, бүтөрүнө 5 секунд калганда Каваи килемдин четинен 4 баллдык ыкма жасап кетти.

Талаш жараткан бул эпизод кайра каралып (Challenge), калыстар япон кызынын пайдасына чечишип, дагы кошумча бир балл беришти.  Беттеш 6:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Каваи мелдештин финалдык баскычына чыкты. Эми Айсулуу  Тыныбекова коло медаль үчүн Индиялык Сонам Сонам менен беттешет.

Эске сала кетсек, өткөн жылдагы Азия чемпионатынын финалында Айсулуу Юкако Каваини жеңип чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM