Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 19 Фев 2020 | 1069 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты. Алтын байге үчүн чечүүчү беттеште ал япон балбаны, дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен кармашат.

Индияда өтүп жаткен мелдеште 60 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Жоламан жарым чейрек финалда казахстандык Айдос Султангалини, чейрек финалда монгол балбаны Даваабанди Мункх Эрденени утту. Ал эми жарым финалда Иран спортчусу Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад менен кармашып, 9:2 эсебинде жеңип алды.

Мындан сырткары 72 кг салмакта Руслан Царев жана 97 кг салмакта Бексултан Махмудов коло байге үчүн күрөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM