Биз менен байланышыңыз

UWW: Жоламан Шаршенбеков «жылдын мыкты балбаны» деп табылды

Кыска кабар | 31 Дек 2022 | 271 | 0

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” наамына татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) жарыялады.

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын 10-18-сентябрында Сербиянын Белград шаарында өткөн чемпионатта бардык атаандашын жеңип, финалга чыккан. Ал күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 кг салмакта күч сынашат.

Шаршенбеков финалда болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталган. Ал мындан сырткары Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык Dan Kolov — Nikola Petrov Tournament мелдешинде коло байгеге ээ болгон.

Натыйжада Шаршенбеков жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 60 кг салмакта биринчи орунга чыккан.

Бириккен күрөш дүйнөсү буга чейин кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын жыйынтыгы менен «тарых жаратуучулар» деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM