Биз менен байланышыңыз

U23 дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков күмүш байге утту (Видео)

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2019 | 1235 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. Финалдык беттеште ал армениялык Армен Меликянга 11:7 эсебинде жеңилип калды.

Иран балбаны Мехди Сейфолла Мосхен Неджад менен орусиялык Артур Петросян коло байге алышты.

60 кило салмакта ат асылышкан грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков жарым финалда украиналык Жора Абовян’ды мөөнөтүнөн мурда эле 8:0 эсебинде утуп финалга жолдомо алган. Чейрек финалда кытайлык Лигуо Цао’ну да таза техникалык жеңиш менен уткан. 1/8 финалда орусиялык Артун Петросянды утту. Ал эми квалификациялык этапта Азербайжан балбаны Азгар Ализадени 19 секунданын ичинде 4 упайлык ыкмага чаап, далысын тийгизип, таза жеңди.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Будапешт шаарында (Венгрия) 28-октябрда башталып, кечээ жыйынтыкталды. Буга чейин эркин күрөш жана кыздар күрөшү болуп өттү.

Жоламандан сырткары бул мелдеште кыргызстандык эркин күрөшчү балбан (61 кг.) Улукбек Жолдошбеков алтын медаль утту. Ал эми кыздар күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76кг.) коло байге тагынып кайтты.

Copyright © 2017 Maral FM