Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту

Кыска кабар , Спорт | 19 Фев 2020 | 1315 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту.

Финалда ал япон балбаны, дүйнө чемпиону Кеничиро Фумитага жеңилип калды.

Индияда өтүп жаткен мелдеште 60 кило салмакта күч сынашкан Жоламан жарым чейрек финалда казахстандык Айдос Султангалини, чейрек финалда монгол балбаны Даваабанди Мункх Эрденени утту. Ал эми жарым финалда Иран спортчусу Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад менен кармашып, 9:2 эсебинде жеңип алган.

Мындан сырткары, 72 кг салмакта Руслан Царев коло байге утту.

Copyright © 2017 Maral FM