Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбековду күйөрмандары тосуп алышты (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 374 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда, 23 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак чен бирдигинде күмүш байгени тагынган Жоламан Шаршенбековду «Манас» аэропортунда тосуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Эрлан Бекманбетов, өлкөнүн Күрөш федерациясынын вице-президенти Нурланбек Исмаилов, спортчунун жакын туугандары жана күйөрмандары катышты.

Эрлан Бекманбетов Жоламан Шаршенбековду бул ийгилиги менен куттуктап, калпак кийгизип, чепкен жапты.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында жалпысынан беш кармаш өткөргөн. Финалдык беттешке чейин Азербайжан, Кытай, Орусия жана Украинанын балбандарын жеңип алган. Бирок алтын үчүн болгон кармашта армениялык балбанга уттуруп койгон.

Жалпысынан кыргызстандык балбандар аталган мелдеште үч медаль утуп алышты. Эң алгач Улукбек Жолдошбеков эркин күрөштө Дүйнө чемпиону аталса, кыз-келиндер күрөшүндө Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM