Биз менен байланышыңыз

Спорт ордосун оңдоо иштери коомчулуктун талкуусуна түштү

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 1016 | 0

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы оңдоо иштеринин жүрүшүндө демөөрчү «Элит Хаус» курулуш компаниясы өзүнүн атын ашыкча көп колдонгондугу социалдык тармактарда нааразычылыктарды жана каршы пикирлерди жараттып, кызуу талкууга алынды.

Спорт ордосун оңдоп түзөө иштерине каражаттардын жетишсиздигине байланыштуу жана аларды үнөмдөө максатында «Элит Хаус» компаниясы менен өнөктөштүк макулдашуу түзүлгөн. Макулдашуунун негизинде демөөрчү-компания:

• концерттик залдын 2200 отургучун оңдоо жана алмаштыруу;
• өрткө каршы жабдуусу менен көшөгөнү алмаштыруу;
• сахнага үндү ката турган (звукопоглощающий) жабдуу орноштуруу;
• Спорт ордосунда багыттарга жана секторлорго көрсөткүчтөрдү орноштуруу;
• Спорт ордосунун фоесинде ата мекендик спортчулардын «даңк дубалын» жасалгалоого даярдык көрүүгө жетишкен.

Мындан сырткары, демөөрчү концерттик залдын желдетүү системасын оңдоо иштерин жүргүзүп, Спорт ордосунун түндүк тарабында 5 жарманке калканын орноштурат.

«Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору Канат Шабданбаев билдиргендей, Спорт ордосунун мамлекеттик имараттарын жана курулмаларын жакшыртуу максатында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатына даярдыктын алкагында торук өткөрүү жолу менен 989 миң 068 сомго Спорт ордосунун имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын ичинде:

• Спорт ордосунун кирүү бетин жана фоесин үстүртөн оңдоо;
• спорттук-машыгуу залында оңдоо;
• коридор жана артисттердин бөлмөлөрүн (гримеркаларды) үстүртөн оңдоо иштери жүргөн.

2018-жылы мамлекеттик жаштар саясатын колдоо максатында Спорт ордосунун имаратын реконструкциялоо боюнча жалпы суммасы 4 млн сомдук иштер жүргүзүлгөн. Бюджеттик финансылык жана донорлордун каражаттарына конференция, тренинг, семинар жана жолугушууларды өткөрүү үчүн интернет ресурстары, тиешелүү жабдуулары менен Жаштар борбору жана Каба уулу Кожомкул атындагы музей ачылган.

800 миң сомго Спорт ордосунун негизги эшиги демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдолгон.

2019-жылы өткөрүлгөн торуктардын негизинде бюджеттик каражаттардын эсебинен Спорт ордосунун имаратын оңдоо иштери жүргүзүлдү:

• Концерттик залдын полдорун сырдоо жана оңдоо, машыгуу зонасынын эски шыптарын алмаштыруу, «Таэквондо» кичи машыгуу залын оңдоо. Ага жалпы суммасы 1 млн 213миң 652 сом сарпталган.
• Атайын эсептен финансылык каражаттарды тартуу менен Спорт ордосунун имаратынын негизги фоесин оңдоого жалпы суммасы 1 млн 489 миң 902 сом каражат жумшалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM