Биз менен байланышыңыз

Компаниянын билдирүүсү: Тимур Файзиев 2020-жылы башкы директорлук кызматынан кеткен

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 572 | 0

Тимур Файзиев Elite House компаниясынын башкы директорлугу кызматынан 2020-жылдын август айында кеткен. Буга байланыштуу компания «коррупцияга катыштыгы бар» деген шек менен ага коюлган айыптар боюнча комментарий бере албайт. Бул тууралуу кечээ, 27-майда аталган компаниянын өзүнүн Фейсбук баракчасына тараткан билдирүүсүндө айтылат.

«Элит Хаус» курулуш компаниясы Тимур Файзиев боюнча компетенттүү органдар гана комментарий бере алат деп билдирген.

Ошондой эле аталган курулуш компаниясы өзү кадимки режимде иштеп жаткандыгын, курулуш иштери белгиленген мөөнөткө ылайык жүрүп жатканын, компания үлүш ээлери жана өнөктөштөрүнүн алдындагы бардык милдеттенмелерин өз убагында аткара тургандыгын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM