Биз менен байланышыңыз

Сот Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 282 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Elite house» курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун чечими менен шектүүнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат.

Эскерте кетсек, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM