Биз менен байланышыңыз

«Elite House» курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев кармалды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 1448 | 0

Бишкекте «Elite House» курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Файзиевдин иши сотко келип түшкөнүн, бирок баш коргоо чарасы качан карала турганы азырынча белгисиз экенин билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, Тимур Файзиевдин коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатат. Курулуш компаниясынын жетекчиси мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Эске салсак, өткөн жылы «Elite House» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиевге таандык «Ламборджини» үлгүсүндөгү спорттук унаага жасалма номур тагылып жүргөндүктөн айып короосуна токтотулганы тууралуу маалымат тараган эле.

Спорт ордосун оңдоо иштери коомчулуктун талкуусуна түштү

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM