Биз менен байланышыңыз

Президент Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесине барды (фото-галерея)

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 719 | 0

Бүгүн, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Суусамыр өрөөнүндө өтүп жаткан даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган мааракеге катышты. Бул тууралуу Президенттин расмий сайты жазды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн өлкө башчы Кожомкул балбан кара күчү, баатырдыгы эрдиги менен бирге, боорукер, берешен, айкөл, кең пейил адам болгонун жана чарбакер жетекчи катары Совет мезгилинин башталышында, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында элди бүлүнтпөй башкарып, мамлекетке эмгек сиңиргенин баса белгиледи.

Ошондой эле, бизден мурун өткөн ата-бабалардын эрдигин, элге кылган эмгегин татыктуу улантуу урпактарга парз экенин айтып, «Ынтымакты, адамдар арасындагы асыл касиеттерди аздектеп жашаган коом, биримдиктүү журт болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат, тынымсыз аракет керек», — деди.

Президент сөзүнүн соңунда: «Бирге болсок, ата-бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеӊиштердин ээси болобуз. Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз. Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз», — деп, мааракенин катышуучуларына жана кыргыз элине тынчтык, ынтымак каалады.

Президент майрамдык салтанаттан кийин Кожомкул балбандын күмбөзүнө Куран окуп, андан соң даңазалуу инсандын архивдик материалдары жана жеке буюмдары сакталган үй-музейине барды. Ал жерден кыргыздардын тарыхын чагылдырган «Кыргыздар» китебинин 20 томдугун, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалар топтомунун 10 томдугун жана Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун портретин белекке берди.

Copyright © 2017 Maral FM