Биз менен байланышыңыз

Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленүүдө

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 1346 | 0

Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр жайлоосунда даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына карата маараке өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кечээ, 29-июнда көк бөрү, эр эңиш, таш көтөрүү, ат көтөрүү, кыргыз күрөшү өңдүү бир катар улуттук спорт оюндары болуп өткөн. Бүгүн ал оюндардын финалдык баскычтары өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи орун алат.

Мааракелик салтанат концерттик программа менен коштолот.

Copyright © 2017 Maral FM