Биз менен байланышыңыз

Суусамырда Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 644 | 0

29-30-июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

29-июнда Кожомкул айылындагы ат майданда көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй, таш көтөрмөй сыяктуу улуттук оюндар өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи 30-июнда өтөт. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Чүй облустук театрынын, Жайыл райондук маданият үйүнүн артисттеринин театралдашкан оюн-зоок программасы, концерти менен коштолот.

Copyright © 2017 Maral FM