Биз менен байланышыңыз

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы жеңиш менен кайтты

Кыска кабар , Спорт | 12 Ноя 2019 | 704 | 0

Бүгүн, 12-ноябрь күнү өлкөнүн хоккей боюнча курама командасы кышкы олимпиада оюндарынын тандоо мелдешинен кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук курама кошуун 2022-жылы өтө турган кышкы олимпиадалык оюндарына тандоо мелдешинин биринчи этабында өз тайпасында жеңишти камсыздап келди.

Аталган мелдеш 8-ноябрдан 10-ноябрга чейин Люксембург шаарында өткөн. Кыргызстан менен бир тайпада Босния жана Герцоговина, Бириккен араб эмираттары (БАЭ) жана Люксембург мамлекеттери оюн өткөргөн.

Кыргызстандын курама командасы үч беттешин тең жеңиш менен аяктап, тандоо оюндарынын кийинки этабына өттү.

Тандоо турларынын кийинки этабы 12-15-декабрь аралыгында Румынияда өтөт. Кыргызстан курама командасы Румыния, Исландия жана Израиль менен бир тайпада ойношот.

Copyright © 2017 Maral FM