Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Ден соолук» спартакиадасы өтөт

18-февралдан 5-мартка чейин Бишкек шаарынын спорттук базаларында жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Тамекисиз спорт» урааны алдында «Ден соолук» спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

«Ден соолук» спартакиадасы билим берүү системасынын билим берүү мекемелеринин арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу, жогорку окуу жайларынын жана кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин дене тарбия жана спортко тартуу максатында өткөрүлөт.

Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген:

• Кичи-футбол;
• Стритбол;
• Тогуз коргоол;
• Стол үстүндөгү теннис;
• Волейбол;
• Шахмат;
• Норматив;
• Ордо (18-майдан 22-майга чейин).

Катышуучулар 2 тайпага бөлүнөт:
I тайпа – 22-40 жаш;
II тайпа – 40 жаштан жогору, (стритбол 45 жаштан жогору).

«Ден соолук» спартакидасы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт. Аталган дирекциянын бюджетинен иш-чараны өткөрүүгө 163 миң сом каралган.

Мелдештин ачылыш аземи 18-февралда саат 15:00до Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын спорттук базасында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM