Биз менен байланышыңыз

Мирбек Мияров Чүй облусунун жетекчиси болду

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 1641 | 0

Мирбек Мияров Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Мияров Чүй облусунун жетекчиси катары бүгүн кеч кызматка дайындалгандыктан, расмий маалымат эртең жарыяланат.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Мирбек Мияров «Ордо» саясий партиясын баштап барган. Жокко чыгарылган шайлоонун алдын ала жыйынтыктарында партия 0.22% добуш алган эле.

Copyright © 2017 Maral FM